Жогорку Кеңештин Депутаттарынын Катышуусунда Зергерчилик Боюнча Мыйзам Долбоору Талкууланды

Бүгүн, 12-апрелде,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы  Бизнести жана ишкерликти  өнүктүрүү  боюнча кеңеш “Зергерлик тармагындагы  айрым мыйзам акталарына  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын  долбооруна  талкуу өткөрдү.

Мыйзам долбоору тууралуу маалымат берген Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев анын  даярдалуу тарыхына кыскача токтолду.”Бул долбоор боюнча бир нече жолу талкуулар болгон.Бирок, өкмөт анын кээ бир пункттарына каршы чыккандыгына байланыштуу биз пленардык жыйындан кайра комитетке кайтарганбыз. Өкмөт, Улуттук банк менен макулдашып, кээ бир маселелерде  компромисске келип, аны кайра алып чыгып жатабыз”,-деди А.Нурбаев.

Жыйынга катышкан КР Президентинин кеңешчиси Равшан Сабиров бул  экономикага чоң пайда алып келе турган долбоор болооруна ишенгендигин билдирди. ”Биз өлкөбүздүн экономикасына локомотив боло турган, жаңы жумуш орундарын ачып, салык төлөмдөрүн көбөйтө турган, бизге келген инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүчү  мыйзам долбоорун иштеп чыгууга тийишпиз. Орто Азиянын тарыхында алгачкы жолу баалуу металдардын жана баалуу таштардын рыногу түзүлүп, бүт дүйнөдөн ишкерлер келе башташат”,- деди Президенттин кеңешчиси.

Кыргызстандын зергерлер жана ишкерлер бирикмесинин президенти Сталбек Акматов бизде зергерчилик буюмдарын жасоого  эмес, сатып алууга, сырттан ташып келүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн өкүнүү менен белгиледи. Анын айтымында, 2009-жылы республикабызда алтындан 231, күмүштөн 195 кило  зергерчилик  буюмдары жасалса, 2018-жылы 43  жана 38 эле кило буюм жасалган.Ошол эле учурда 2009-жылы чет элдик алтындан жасалган зергерлик буюмдарды импорттоп келүү 25 эле килону түзсө, 2018-жылы 1 тонна 366 килого жеткен.

Андан соң талкуу суроо-жооп түрүндө уланды.